Алыкул Фест – 2026
Күні мен уақыты
21 қыркүйек 2026, 00:00
Өтетін орны
Бишкек, Государственном мемориальном культурный комплекс имени Алыкула Осмонова,, Бишкек
Билеттер
Бағалар сайтта
Толық ақпарат
«АЛЫКУЛ ФЕСТ – 2026» ЭЛ АРАЛЫК ПОЭЗИЯ ФЕСТИВАЛЫ ЖАНА ЫР СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫКыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана Алыкул Осмонов атындагы эл аралык фонд өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Алыкул Осмонов атындагы адабий ийримдин 45 жылдыгына карата «Алыкул ФЕСТ – 2026» эл аралык поэзия фестивалын жана жалпы калемгерлер үчүн ыр сынагын жарыялайт.Фестивалдын алкагындагы адабий сынак Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында жайгашкан Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык маданий комплексинде өткөрүлөт. Фестивалдын жыйынтыктоочу иш-чарасы 2026-жылдын 21-сентябрында уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйланат.Сынакка Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз калемгерлери, ошондой эле түрк мамлекеттеринин чыгармачыл өкүлдөрү катыша алышат. Кыргыз Республикасынын эл акындарынан тышкары бардык авторлор жаш өзгөчөлүгүнө карабастан өз чыгармаларын сунуштай алышат. Чет өлкөдөн катышуучулар үчүн онлайн форматта катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.Тексттин уландысы жана расмий тилде комментарий бөлүмүндө ⬇️